БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 5-декабрь бейшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланат. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө +2...+7 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -1...-4 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек жана Ош шаарында +7…+9 градуска көтөрүлөрү айтылды.