ыргызстанга сапатсыз жана кооптуу продукцияны киргизбеш үчүн фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөнүн айыл чарба министрлиги билдирди. Бул нерсе калктын саламаттыгын коргоо жана тобокелчиликти азайтуу максатында жүрүп жатканы кабарланды. «Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул күчөтүлгөн көзөмөл жана жалпы өлкөдөгү фитосанитардык абал тууралуу маек курдук.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Тышкы карантин бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова жооп берди.