Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады. Анын кайрылуусун маалымат кызматты таратты. Анда жалпы кыргыз элине бул даталуу күндүн маанилүүлүгү белгиленип, эпосту жайылтуу багытында жасалып жаткан иштер тизмектелген. "Манас" үчилтиги – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу! Элибизди эркиндикке шыктандырып келген эпосубуз улутубуздун намысын ойготуп, биримдикке чакырып, ар кандай сыноолордо журтубузга тирек болуп, өлкөбүздүн эбегейсиз зор энчисине айланды", — деп айтылат куттуктоодо. Өлкө башчы Улуттук илимдер академиясында, "Манас" улуттук академиясында, Кыргыз улуттук "Манас" театрында эпосту изилдөө, жайылтуу боюнча иштер жигердүү жүрүп жатканын белгилеген. Ошондой эле ал Таластагы "Манас Ордо" комплексин жаңылоо боюнча долбоорлор иштелип жатканын кошумчалады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы мекендештерди зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырды. Мындай билдирүү өлкөгө киргизилген аскердик абалдан улам жарыяланды. Мекендештерге жергиликтүү бийликтин айткан көрсөтмөлөрүнө баш ийип, массалык, өзгөчө саясий өңүттөгү иш-чараларга катышпоо сунушталды. Суроо жаралса Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине +82 10 9798 0951 номери аркылуу кайрылууга болот. Эскерте кетсек, кечээ, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Бул оппозициячыл партиянын импичмент жарыялоо аракетинен кийин болду. Кайрылуу жасаган президент оппозиция өкмөттүн жана сот системасынын ишине тоскоолдук жаратканын айтты. Көп узабай өлкө парламентти президенттин жарлыгын жокко чыгарганы кабарланган.
Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 10 жылдыгы белгиленди. Салтанатта Кыргызстан менен Россиянын президенттери жолдогон куттуктоолор окулду. "Фонд бекем достугубуздун жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн символу болуп калды. 2014-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлүшү мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болгон", — деген Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Мамлекет башчы фонд экономиканын катализатору болгонун белгилеген. Ал эми Россия лидери Владимир Путин фондду түзүү эки өлкөнүн өнөктөштүгүн тереңдеткенин белгилеген. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков 2030-жылга чейин фонд 2 млрд. доллар тартаарын, алардын жарымы фонддун акчасы болорун айткан.
Бундесвер Украинада 1940-жылдардын башталышында жасаган баскынчылык жана бандерачылардын полициялык кызматтары боюнча Гитлердин тажрыйбасын өздөштүрүп жатат. Муну аскерий эксперт Александр Хроленко Россиянын Тышкы чалгын кызматынын билдирүүсүнөн кийин комментарий берип жатканда айтты. Анда Батыштын Украинга 100 миң "тынчтык сактоочуларын" киргизүү планы туурасында кабарланган эле. "Батыш койгон максаттарын аткаруу үчүн Украинаны, мындайча айтканда, басып алууга туура келет. Албетте, бул нерсе өлкөнүн аймагына "тынчтык орнотуучуларды" алып киребиз деген шылтоо менен жасалмакчы. Баш-аягы Украинага мындай 100 миң кишини киргизүү пландалып жатат", — деп айтылган мурда жарыяланган маалыматта. Анда ал тургай алдын ала канчага бөлүнөрү, кимге тиери тууралуу да айтылган.