Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кийинки жумада тиешелүү комиссиялар түзүлүп, эң кеч дегенде апрель айына чейин мамлекеттик жаңы гим кабыл алынышы керектигин айтты.Тагыраагы, төрага аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деген.Аталган маселе боюнча өткөн жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышкан.Жолугушууда азыркы гимндин текстине жана обонуна байланыштуу түрдүү пикирлер көтөрүлүп, кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине толук окшош деген пикирлер айтылган.Касмамбетов өлкөдөгү жаңыланууларга, жакшы өзгөрүүлөргө жана реформаларга ылайык жаңы мамлекеттик гимн жазылышы зарыл экенин жүйө келтирген.Министр Максутов аталган маселе боюнча Жазуучулар жана Композиторлор союзу баштаган тиешелүү бирикмелер жана адистер менен атайын жыйындарды өткөрүп, мамлекеттик гимнди кабыл алууга байланышкан керектүү иштерди жүргүзөрүн билдирген.
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп Нурбек Букуев дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Аны жамаатка министр Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырган."Министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаңы башчынын жетекчилигинин алдында борбордун позициясы бекемделип, дарылоонун алдыңкы ыкмалары киргизилип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөрүнө ишеним артылды", — деп айтылат маалыматта.Нурбек Букуев онколог-гинеколог, хирург, медицина илимдеринин доктору. Ал Кичи футбол боюнча ассоциациянын президенти, өлкө башчынын, премьер-министрдин кеңешчиси болгон Медетбек Букуевдин уулу. Агасы Нурдин Букуев футзал боюнча белгилүү судья. Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти.
Өлкөдө 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрү өндүрүлө баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Мамлекетке кайтарылган "Айдан Фарма" фармацевтикалык заводуна бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев барган."Рыногунун 90 пайыздан ашыгын импорттук продукция ээлеген Кыргызстан үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өз алдынча өндүрүү маанилүү", — деген министр.Эми аталган заводдо 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрү өндүрүлө баштаары айтылган. Учурда аталган завод медициналык этил спиртин чыгарат.
Россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реваншы 22-февралга белгиленди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.13-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган.39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстогу карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен. Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш жана бир жеңилүү бар.