БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский Kyodo News каналына маек куруп жатып Украина боюнча өтө турган "тынчтык саммитине" Россияны чакырууну убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Позициябыздан баш тартпайбыз. Лидерлердин баары экинчи саммитке Россиянын келишин каалашкан. Биз Москваны чакырабыз", — деген Зеленский.
Буга чейин Россиянын КМШнын башкы жана башка бир катар уюмдарындагы туруктуу өкүлү Андрей Грозов Киевдин Батыш менен биргеликте "түртүп жаткан" украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча жаңы саммитинин негизинде сынга кабылган "Зеленскийдин формуласы" турарын белгилеген. Анын айтымында, жыйын Россияга ультиматум коюуга багытталган.
Белгилүү болгондой, ноябрда Зеленский Sky News телеканалына атышууну токтотуп, айрым аймактарынан баш тартууга даяр экенин, бирок мунун ордуна Украинанын НАТОго мүчөлүгүн сурай турганын билдирген эле.
Ал эми РФ президенти Владимир Путин июль айында Украинадагы жаңжалды каршы тараптын келечекте айнып кете албай турган шарттарды кабыл алышынан кийин гана токтотууга болорун айткан. Өлкө башчы атышуу токтогон учурду Украина абалын жакшыртып, өзүн күчтөп алуусуна пайдаланбашы керектигин эскерткен. Муну менен бирге Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгилеп, Киевдин дал ушул альянска кирүү аракети атайын аскердик операцияны баштоого орчундуу себеп болгонун белгилеген эле.