БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал киргизилгенин билдиргенин РИА Новости Рёнхап агенттигине таянып кабарлады.
Маалыматка каралаганда, Юн Сок Ёл чукул жыйын өткөрүп, андан соң ага каршы импичмент жараянын жүргүзүү аракетинен улам бийликтин жөндөмсүз болуп калуу коркунучу бар экенин жарыялады.
"Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн аскердик абал киргизилгенин жарыялайм", — деген президенттин билдирүүсүн Рёнхап агенттиги жазды.
Өлкөнүн Коргоо министрлиги бардык аскердик бөлүктөрдүн командирлерине күжүрмөн даярдыкты жогорулатууга буйрук берген. Парламенттин кире бериши тосулуп, депутаттардын да кирүүсүнө тыюу салынган.