Сузактагы бала бакчада бөбөктөр сабалган окуя боюнча иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Сузактагы бакчада балдар сабалган окуя боюнча кылмыш иш козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ата-энелер тарбиячыларга нааразы болуп директорго бир нече жолу арызданышкан, бирок ал эч кандай чара көргөн эмес.
Ошондой эле президенттин жарлыгын одоно бузуу менен ата-энелерден системалуу түрдө акча өндүрүлүп жатканы аныкталган. Буга байланыштуу иш "Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча козголгон.
Эске салсак, социалдык тармактарда Сузак районунун (Жалал-Абад облусу) Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары кичинекейлерди сабап жаткан видео тараган. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирген.
Андан сырткары билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева ата-энелерге кайрылуу жасап, кечирим сураган.
Аялына өчөшүп, баласын сабап... Алайда 39 жаштагы киши суракка алынды