ОСАГО полиси жокторго айып салууну дагы жарым жылга жылдыруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. ОСАГО полиси жокторго айып салууну жарым жылга жылдыруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров билдирди.
Анын айтымында, эгерде эреже иштеп баштаса 2025-жылдын 1-январына чейин ОСАГО полисин 1,5 миллион автотроанспорттун ээси алып үлгүрбөйт.
"1-январга чейин жетишкенге аракет кылып жатабыз. Бирок жарандарга жеңил болуш үчүн жакынкы күндөрү министрлер кабинетинин жыйыны өтүп, анда айыптарды жарым жылга жылдыруу маселеси каралат деп ойлойм", — деди Пирназаров.
Депутаттар эл арасында ОСАГО полиси тууралуу түшүндүрүү иштери жетишсиз экенине токтолушту. Депутат Бактыбек Сыдыков мындай ыкма менен бюджет толтуруу туура эместигин айтып, аны бир жылга, тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштады.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.
Жыл башынан бери мүлктү ыктыярдуу камсыздандыргандар көбөйдү. Статкомдон сандар