Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп Нурбек Букуев дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Аны жамаатка министр Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырган.
"Министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаңы башчынын жетекчилигинин алдында борбордун позициясы бекемделип, дарылоонун алдыңкы ыкмалары киргизилип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөрүнө ишеним артылды", — деп айтылат маалыматта.
Нурбек Букуев онколог-гинеколог, хирург, медицина илимдеринин доктору. Ал Кичи футбол боюнча ассоциациянын президенти, өлкө башчынын, премьер-министрдин кеңешчиси болгон Медетбек Букуевдин уулу. Агасы Нурдин Букуев футзал боюнча белгилүү судья. Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти.
Нурбек Букуев өзүн соцтармактагы баракчасында да ФИФАда футзал боюнча арбитр деп көрсөткөн.
Надира Жусупбекова кайрадан билим берүү министринин орун басары болуп келди