БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз-Россия славян университетинде "Айтматов окуулары-2024" форуму өтүп жатат.
Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн катышуучулар келди. Аны РФтин Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университети жана КРСУ уюштурду.
Форумдун максаты — Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын терең изилдөө жана КМШ мамлекеттеринин билим берүү, илим жана маданият тармактарында кызматташуусун чыңдоо.
КРСУдан маалымдашкандай, форумдун алкагында уникалдуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алардын ичинде "Чыңгыз Айтматов жана XXI кылымдын жаштары" мультимедиалык адабий иш-чара бар. Меймандар "Чыңгыз Айтматов жана дүйнөлүк көркөм маданият" аттуу көргөзмөгө, "Айтматовду дүйнө тилдеринде окуйбуз" медиа сынагына, жазуучунун санариптик мурасы боюнча талкууга катышышты.