БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Борбор калаада каалоосу болгон мекендештерди Кузбасска (Кемерово облусу, Россия) көчүрүү боюнча программанын бет ачары болот.
Иш-чара 4-декабрда, саат 16:30да Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда (Эркинди проспектиси, 2/1) болот.
Көчүү мүмкүнчүлүктөрү, суроо-талап күч болгон кесиптер жана кандаштарды колдоо боюнча аймактык чаралар туурасында айтып беришет. Ал үчүн Кузбасстын эмгек жана ишке орноштуруу боюнча министрлигинин орун басары Алла Треяль, аталган министрликтин эмгек миграция боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кандаштардын кесипкөйлүгүн арттыруу жана көчүрүү боюнча Кузбасстагы борбордун директору Евгения Бушкова келет.
Иш-чарада Россия ИИМинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да болору айтылды.
Бет ачарга катышууну каалагандар каттоодон өтүп келсе болот дешти.