БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Учурда Түштүк Кореяда расмий сапар менен жүргөн мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул туурасында анын маалымат катчысы Аскат Алагөзөв Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Учурда президент жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү бүгүн аскердик абал жарыяланган Түштүк Кореяда сапар менен жүрөт.
Алагөзов делегация мурда пландалгандай, Кыргызстанга эртең келип түшөрүн кошумчалады.
Эске салсак, Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал киргизилгенин билдирди. Мамлекет башчысы чукул жыйын өткөрүп, ага каршы импичмент жараянын жүргүзүү аракеттеринен улам бийликтин жөндөмсүз болуп калуу коркунучу бар экенин жарыялаган.
"Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн аскердик абал киргизилгенин жарыялайм", — деген президенттин билдирүүсүн Рёнхап агенттиги жазды.
Өлкөнүн Коргоо министрлиги бардык аскердик бөлүктөрдүн командирлерине күжүрмөн даярдыкты жогорулатууга буйрук берген. Андан сырткары парламенттин кире бериши тосулуп, депутаттардын да кирүүсүнө тыюу салынган.