Салтанатта Кыргызстан менен Россиянын президенттери жолдогон куттуктоолор окулду.
"Фонд бекем достугубуздун жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн символу болуп калды. 2014-жылы РКӨФтүн түзүлүшү мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болгон", — деген Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы фонд экономиканын катализатору болгонун белгилеген.
Ал эми РФ лидери Владимир Путин РКӨФтү түзүү эки өлкөнүн өнөктөштүгүн тереңдеткенине токтолгон.
"2014-жылы фондду түзүү чечими эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө олуттуу кадам болду. Бүгүнкү ал финасылык-экономикалык институттардын арасында өзүнүн татыктуу ордун далилдеди. Учурда РКӨФ Кыргызстандын социалдык тармагынын бекемдешинин жана экономикалык өнүгүүсүнүн локомотиви болууда. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө маанилүү салым кошууда", — деп белгилеген Путин.

РКӨФтүн башчысы Артем Новиков 2030-жылга чейин фонд 2 млрд. доллар тартаарын, алардын жарымы фонддун акчасы болорун айткан.