БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 65 жыл мурда Советтер Союзунун желегин дүйнөдөгү биринчи "Ленин" атомдук муз жаргычына орнотушкан. Бул датага байланыштуу Атомдук муз жаргыч флотунун күнү белгиленүүдө.
Легендага айланган "Ленин" 30 жыл иштеп, 1989-жылы Мурманскиде түбөлүк орун алган.
Атомоходду Деңиз флоту министрлигине 1959-жылы өткөрүп беришкен. Ал гигант түндүк кеңдиктериндеги навигацияны бир топ узарткан.
"Ленин" алты жыл аралыгында эле 82 миңден ашуун деңиз милин сүзүп, өз алдынча 400дөн ашуун кемени алып өткөн.
Бир сутка иштегенде муз жаргыч кеме ондогон тонна мунайдын ордуна 45 грамм гана өзөктүк отун сарптаган. Бул энергия чыгымы ага бир сапарда Арктикага да, Антарктиданын жээгине да барууга мүмкүндүк берген;
Иштеткен жабдуунун толук кубаттуулугу 44 миң аттын күчүнө барабар эле. Үч реактордун ар бири дүйнөдөгү алгачкы СССРдин атомдук электр станциясынын кубаттуулугунан 3,5 эсе ашып кеткен;
"Ленин" кемесинин долбоорчулары ал музда тыгылып калбасын деп балласттык цистерналар системасын орнотушкан. Бир капталдагы цистернадан экинчи капталга суу куюлган учурда, кеме термелип баштачу. Ошентип, капталдары музду сындырып, ажыратып турчу. Кеменин тумшугуна жана куйругуна да ушундай эле система орнотулган.
Учурда Россия муз жаргыч флотунун кубаттуулугу боюнча биринчи орунду ээлейт, тагыраагы, 52 муз жаргычы бар. Экинчи орунда Финляндия бул багыттагы 11 кемеси менен турат.
Быйыл 22220 долбоорунун алкагында "Чукотка" атомдук муз жаргычы Россиядагы бул жаттагы кубаттуу кемелердин катарына кошулду. Ушул эле класстагы дагы экөө — "Ленинград" менен "Сталинград" курулуп жатат.