Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?

Sputnik
Спортто айымдардын мүмкүнчүлүктөрү эркектердикине караганда азыраак. Спортчу айымдар өздөрү айтып бергендей, спортто кыздар көп учурда кодулоого дуушар болот. “Сени күйөөгө эч ким албайт”, “аял деген назик болушу керек”, “эркекке окшоп каласың” деген сыяктуу сын-пикирлер айтылып турат. Бирок буга карабастан спорт дүйнөсүндө ийгилик жаратып, дүйнөгө таанылып, жаш кыздарга стимул берген спортчу айымдарыбыздын учу кур эмес. Адистердин айтымында, жалпысынан эле коомдун ичинде «эркектин» жана «аялдын» деген бөлүп-жаруу бар. Гендердик стереотиптер кыздардын спорт жаатында өнүгүүсүнө кандай тоскоолдук жаратат?
Андан кантип арылууга болот? “Көз мончок” программабыздан жооп ала аласыздар.