1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат. Мыйзамдын максаты тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол фондунун анализ жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Сардарбек Жороев жана Жол фондунун укуктук жана уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Бекжан Жолоев маалымат беришти.