Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?

Sputnik
Активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүн жыл этегине чейин узартуу кабыл алынган. Бийлик инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана ээлерин мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоолордон коргоо сыяктуу бир катар максаттары болгонун эске салды. Бүгүнкү күндө канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты? Мүлктү легалдаштыруу экономиканы көмүскөдөн чыгарабы? Бул суроолорго Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Советбек Токтосунов жооп берди.