Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына, айыл чарбага жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө деп президент Садыр Жапаров жакында Баку шаарында өткөн Климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде айтты. Анда айыл чарбасынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу, жашыл биотехнологияларды киргизүү, жайыттарды өздөштүрүү жана жакшыртуу сыяктуу багыттар камтылды.
“Күн башат” программасында COP29 саммитиндеги орчунду учурлар менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакытбек Орозакунов тааныштырды.