12 миң долларын "Унаа" борборуна унутуп кеткен жигитке акчасы кайтарылды. Видео

Унаа мекемесине келген киши саткан автокөлүгүнүнү акчасын унутуп кеткен
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкектеги Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик "Унаа" агенттигинин кызматкерлери 12 миң долларын унутуп кеткен жигитке акчасын кайтарып беришти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаран 28-ноябрда сумкасын унутуп кеткен. Ошол жерде отурган киши баштыкты байкап калып, "Унаанын" кызматкерлерине алып барып берген.
"Мамлекеттик агенттиктегилер сумканы дароо кайтарышкан. Анын ичинде сатылган автоунаанын акчасы болгон. Анын ээси акчасын кайтаргандарга ыраазылыгын айтты", — дешти "Унаадан".
Агенттик сумканы кайтарып берген адамга ыраазылык билдирип, жарандарды бүйрө болууга чакырды.
Такси. Архив
Кыргызстандыктар таксиге миллиарддаган сом коротушкан. Статистика