Трамптын БРИКС өлкөлөрүнө жасаган "доллар опузасына" Кремль жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кремлден АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын БРИКС мамлекеттери альтернативалуу валютаны түзүү планынан баш тартпаса жүз пайыздык бажы төлөмүн киргизүү боюнча жасаган опузасына жооп беришти. Бул туурасына РИА Новости жазды.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вашингтондун башка мамлекеттерди долларды колдонууга мажбурлашы аларды улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүп кетишине түртөрүн айтты.
"Эгер АКШ өздөрү айтып жаткандай болуп өлкөлөрдү долларды колдонууга күч менен мажбурласа, мындай кадам алардын улуттук валютага өтүү тенденциясын ого бетер арттырат", — деген Песков.
Ал белгилегендей, кеп БРИКСке гана тиешелүү эмес. Негизи эле барган сайын көп өлкөлөр улуттук валюта менен эсептешүүгө кадам таштай баштады. Доллар бул өлкөлөр үчүн резервдик валюта катары өзүнүн касиетин жоготуп жатат.
Мурдараак Россия лидери Владимир Путин БРИКС өлкөлөрүнө соода, инвестиция үчүн улуттук валюталарын колдонууга дем берип, шыктандыруу иштери кечиктирилбей жасалышы керектигин белгилеген. Бирок жамааттык бирдиктүү валюта түзүү жөнүндө кеп кылууга али эрте экендигин айткан.
Путин: АКШ акылсыз аракеттери менен доллардан баш тартууга түрткү болууда