ӨКМ: "Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Сосновка постундагы жүк ташуучу автоунаа. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалар таңкы 8:30дан баштап кое берилүүдө.
Кечээ Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгонунан улам аталган постто убактылуу чектөө киргизилген.
ӨКМден "Арал" постунда киргизилген чектөө дагы алынганын кошумчалашты.
Май куюучу жайда аял. Архив
Жолдорду оңдош үчүн май куйган адам бир литрге 1 сом кошуп төлөшү мүмкүн