БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Расмий сапардын алкагында Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук ассамблеянын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү жүргүзөрү белгиленди.
"Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат. Сапардын жүрүшүндө БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү кошумчаланды.