Россияда 8 кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россияда бир унаада бараткан сегиз кыргызстандык кырсыктап, бирөөсү каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-декабрга караган түнү Саратов облусундагы Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада болгон.
"Toyota Sienna үлгүсүндөгү унаа аласалып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 27 жаштагы жүргүнчү жеринде каза болуп, дагы беш мекендеш орточо оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми 29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатканы кошумчаланды.
Бишкектин жанында автобус жол четинде турган кроссоверди аласалдыра сүздү. Видео