БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл аркылуу жүргүнчү ташуу үчүн жаңы эки кеме алып келинди. Бул тууралуу ташып келген компаниядан билдиришти.
Суу транспортунун бири 84, экинчиси 54 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган.
"Ысык-Көлгө жаңы кеме акыркы жолу 1980-жылы коё берилген. Учурда Кытайдан заманбап эки жүргүнчү кеме алып келинди. Алар Mercury деңиз кыймылдаткычтары менен жабдылган. Бул жабдуулар зыяндуу заттардын абага чыгышын азайтып, күйүүчү майды да аз чыгымдайт. Мындай өзгөчөлүктөр кемени экологиялык жактан коопсуз жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу кылат", — деп жазылган маалыматта.
Бул кемелерди Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин, анын ичинде Чолпон-Ата — Тоң багытын туташтырган каттамдарга коё берүү пландалууда.