БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өлкөдө 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрү өндүрүлө баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Мамлекетке кайтарылган "Айдан Фарма" фармацевтикалык заводуна бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев барган.
"Рыногунун 90 пайыздан ашыгын импорттук продукция ээлеген Кыргызстан үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өз алдынча өндүрүү маанилүү", — деген министр.
Эми аталган заводдо 50дөй аталыштагы дары-дармектин түрү өндүрүлө баштаары айтылган. Учурда аталган завод медициналык этил спиртин чыгарат.