БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. НАТОнун мурунку баш катчысы Йенс Столтенберг Киев тынчтыкка эртерээк жетүү үчүн айрым аймактарынан "убактылуу" баш тартарын божомолдоду. Бул тууралуу РИА Новости Tagesschau басылмасына таянуу менен жазды.
"Ок атышуу токтошу керек, албетте, документ Россиянын көзөмөлүндө турган аймактарды камтыса жакшы болмок. Бирок бул жакын арада ишке ашпай турганын көрүп жатабыз", — деген Столтенберг.
Столтенберг Киев коопсуздук кепилдигин алышы керектигин белгилеген. Анын айтымында, кепилдикке альянска мүчөлүк кириши мүмкүн, ошол эле убакта башка нерселер да камтылышы ыктымал.
Ноябрдын соңунда Зеленский Sky News каналына маек куруп жатып атышууну токтотуп, айрым аймактарынан баш тартууга макул экенин, бул үчүн Украина НАТОго мүчө болушу керектигин айткан.
Июль айында РФ президенти Владимир Путин Украинада согуш отун каршы тараптын макулдугусуз токтотуу мүмкүн эместигин жар салган. Билдирүүдө Россия атышууну токтотуу мезгилин экинчи тараптын күчтөнүп алуу үчүн пайдалануусуна жол берилбей турганы белгиленген. Муну менен катар Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн коопсуздугуна чоң коркунуч келтирерин кошумчалаган. РФ лидери Киевдин альянска мүчө болуу ниети атайын аскердик операцияны баштоого негиз болгон себептердин бири экенин айткан болчу.