Банк системасы — дүйнөлүк экономиканын локомотиви. Буга биз короновирус пандемиясы учурунда да күбө болдук. Көптөгөн тармактардын иши токтоп калса, банктарда, тескерисинче, иш кызыды. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын билдиришинче, өлкөдөгү болуп жаткан экономикалык секириктерге да банк ишмердүүлүгүнүн таасири чоң.
"Банктар азыр дүйнөлүк экономиканын өзөгүн кармап турат десек болот. Кандай гана кырдаал жаралбасын банктар күчтөнүп, кирешеси көбөйүп турган системада иштешет. Бирок банктардын да алсыз жери бар. Ал өндүрүшкө байланбаган банктарга тиешелүү. Биржалар менен иштеп отурган банктардын бир күнү көбүк жарылгандай болуп банкротко кептелүү коркунучу жогору. Мындай абалга аларды акчалардын санариптешип кетүүсү деле кептеп коюшу мүмкүн. Ал эми өндүрүштү пайдубал кылып алган банктар бутунда бекем турат десек болот. Банк системасынын азыркы күчүн алыс барбай эле өз өлкөбүздөн көрсөк болот. Россияга Батыш тарабынан салынган эбегейсиз көп санкциялардын айынан көптөгөн операциялар Кыргызстан аркылуу жүргүзүлүп, андан банктардын кирешеси эселеп көбөйдү", — деди Мамытов.
Ал банктын иштөөсү беш этаптан турарын айтып, анын төртүнчү этабы делген экосистемага (маркетплейс, мобилдик оператор, курулуш компаниясы байланган система – ред.) Россия, Казакстандын банктары жетип калганын, ал эми Батыш банктары азырынча үчүнчү баскычында жүргөнүн кошумчалады.