Байден кылмыш жообуна тартылган уулу Хантерге ырайым кылды. Трамптын реакциясы

Президенттин баласы курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана салык төлөөдөн баш тартуу боюнча айыпталып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден уулу Хантерге ырайым кылып, мындай чечимге акыйкатсыздыкка каршылыгынан улам келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президенттигимдин биринчи күнүнөн тартып Юстиция министрлигинин чечимдерди кабыл алуусуна кийлигишпейм деп айткам, балама жасалган адилетсиз мамилени көрүп туруп да сөзүмө турдум", — деген өлкө башчысы.
Президент Хантердикиндей иштер адатта карызынан кутулуу же айып төлөө сыяктуу жеңил-желпи жаза менен аяктай турганын айткан. Байден уулу "саясий кысым үчүн бутага алынып" калганын белгиледи.
"Беш жарым жыл бою жасалган чабуулга жана куугунтукка карабай Хантер ачууга алдырган жок. Хантерди сындыруу аракети — мени сындыруу аракети. Бул качандыр бир кезде токтойт деп айтууга да болбойт", — деген Байден.
Ырайым берүү тууралуу чечимди президент көпкө ойлонуп ушул дем алыш күндөрү кабыл алганын белгиледи.
"Сот адилеттүүлүгүнө ишенем, бирок бул процесске саясат катуу аралашып, соттук катачылыкка кептеди. Америкалыктар менин мындай кадамга эмне себептен барганымды түшүнөт деген үмүттөмүн", — деди Байден.
Жакында президент болуп келе турган Дональд Трамп кырдаалга пикирин билдирди.
"Жо Байден Хантерге кылган ырайым 6-январда барымтага алынгандарга да жасалабы? Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", — деген Трамп.
Хантер Байден — иштеп жаткан президенттин баласына кылмыш иши боюнча айып тагылган тарыхтагы биринчи адам. Ал "салык төлөөдөн баш тарткан" жана "мыйзамсыз курал сактаган" деп айыпталып келет. Сот арачылары Хантерди күнөөлүү деп тапкан, эки иш боюнча өкүм декабрдын ортосунда чыгышы керек болчу.
Байдендер чет элдик булактардан 10 млн. доллардан ашык каражат алганы аныкталды