БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ата-энесин кароосуз калтыргандар жоопко тартыла турган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-октябрда кабыл алган.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-октябрда кабыл алган.
"Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражат төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан", — деп жазылган анда.
Тактап айтканда, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
муктаж ата-энесин багууга каражат төлөбөгөн эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарына карата жоопкерчилик күчөтүлөт;
эгерде каражат төлөнбөгөн мөөнөт 12 айдан ашпаса 20-50 миң сомго чейин айып салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартылат;
эгерде каражатты 12 айдан көп убакыт төлөбөсө, ошондой эле уул-кызы маянасынын жана кирешесинин өлчөмүн жашырса, аз кылып көрсөтсө жазаланат. Тагыраагы, алар бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылышы, 50-100 миң сомго чейин айып салынышы же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн;
жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылууга жана кайрылуу боюнча ата-энелердин кызыкчылыктарын колдоо үчүн ишеним кат берүү укугуна ээ.