БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 3-декабрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облустарында +1...+6 градус, Ош, Жалал-Абад аймактарында +4...+9, Баткен өрөөнүндө +3...+8, Ысык-Көлдө 0...+5 градус болот. Ал эми сууктун күчү Нарын жергесинде көбүрөөк сезилип, термометр 0...-5 градусту көрсөтмөкчү.
Борбор калаада абанын температурасы +3...+5, Ош шаарында +5...+7 градус болот дешти.