Учурда өлкө боюнча 75603 адам жумушсуз катары каттоодо турат. Аларды жумуш менен камсыздоо үчүн мамлекет бир нече долбоорлорду алып барып, атайын иш-чараларды өткөрүп келет. Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында жарандарды жумуш менен камсыздоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маектештик. Ошондой эле ЕАЭБдин эмгек рыногу менен кыргызстандыктар кантип жумуш тапса болору тууралуу дагы талкуу кылдык. Биздин суроолорубузга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы жооп берди.