Республикада «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жыйынтыкталып, иш-чарада 760 миңден ашык аял медициналык кароодон өттү. Бул өнөктүк дүйнөлүк флешмобдун алкагында уюштурулуп келет. Анда 45 миңге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды, 10 миң аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле 5 миң 600дөн ашык аялда кант диабетинин жогорку коркунучу байкалды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип Улутттук онкология борборуна жөнөтүлдү. Ал жерден дагы текшерүүлөр жүргүзүлүп, андан кийин учетко алынат жана дарыланышат. Аталган оорунун козголушуна Бишкектин абасынын кири эң башкы себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук онкология борборунун Онкогинекология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Букуев маалымдады.