Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришкен. Бүгүнкү программанын мейманы Адилет Сыргатаев 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болорун айтты.Комиссиясы жок төлөм акциясынын максаты, мөөнөтү, кайсы банктарга тиешелүү экени, акция мөөнөтү бүткөн соң кандай эрежеде иш алып барышары, кайсы валютадагы которууларга тиешелүүлүгүн, мобилдик банкинг аркылуу акча которууда түрдүү кызматтарга анын ичинде коммуналдык кызматка тиешеси бар же жок экенин, комиссиянын алынышы эмнеге алып келери тууралуу суроолорду узатып маалымат алдык.