Быйыл “Коопсуз шаар” долбооруна байланыштуу бир канча орчундуу окуялар орун алды. Алардын негизгилерине токтолсок, “Коопсуз шаар” Ош шаарында ишке кирди. Ошондой эле долбоор өзү Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Ал эми Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров "Коопсуз шаар" долбоору өлкөнүн бардык аймактарына жайылтыларын айтты.
“Күн башат” программасынын алкагында "Коопсуз шаар" долбоорундагы өзгөрүүлөр тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү борборунун башчысы Медербек Шабданов жооп берди.