Президент Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Буга чейин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Соттор кеңешине кызматтан өз каалоосу боюнча бошонуу тууралуу арызын жазган. Социалдык тармактарда муну Кемпир-Абад маселеси менен соттологондордун иши боюнча актоо чечимин чыгаруу менен байланыштырып жатышкан.
Соттор кеңеши арызды канааттандырып, чечимди президент Жапаровго киргизишкен. Бирок сунушту мамлекет башчысы четке какканы белгилүү болду.
УКМК Жалал-Абадда кармалган үч судьянын кармалышынын чоо-жайын ачыктады