Кыргызстандыктар таксиге миллиарддаган сом коротушкан. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда январь-октябрда таксилер 33 миллион 905,6 миң жүргүнчү ташыган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 29 миллион 861,8 миң болгон.
Маалыматта кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү көрсөтүлгөн эмес. Бирок Улуттук банкта таксилер үчүн накталай эмес төлөм боюнча маалымат бар.
Январь-сентябрь айларында 16 миллион 973,3 миң транзакция жүргүзүлүп, анын 3 миллиард 25,2 миллион сому төлөнгөн. Ошентип орто эсеп менен бир жол жүрүү 178 сомду түзөт. Бирок бул жерде накталай эмес төлөмдөр гана эске алынган.
Өткөн жылдын 9 айында дээрлик 11,2 миллион жүргүнчү ташылып, алар накталай эмес төлөнгөн (1,8 миллиард сомдон ашык). Ошондо орточо төлөм дээрлик 163 сомду түзгөн.
"Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселери тинтилди. Сүрөт