Кыргызстан алтынды былтыркыга салыштырмалуу 234 миллион долларга көп сатты

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстан быйыл сегиз айда 853,9 миллион долларга 369,1 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Сатып алуучу өлкөлөр:
Улуу Британия — 8 тонна 535,6 килограмм;
Гонконг (Кытайдын өзгөчө административдик аймагы) — 1 тонна 848,5 килограмм;
Швейцария — дээрлик 971,5 килограмм;
БАЭ — 13,5 килограммдан ашык.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан 9 тонна 926,7 килограмм алтын 619,7 миллион долларга экспорттолгон. Эске сала кетсек, 2023-жылы кымбат баалуу таштын баасы арзан болгон.
Пресс-борбор
Кыргызстанда алтындын запасы 4 миң тоннага чамалап барышы мүмкүн