БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети эң бекем нике кайсы аймакта экенин айтты.
Мекеме акыркы бир жылда 1000 адамга туш келген ажырашуулардын саны боюнча маалыматтарды жарыялады.
Аймактар боюнча бөлүштүрүү:
Баткен облусу — 1000 адамга 1,4 ажырашуу;
Ош облусу — 1,5;
Жалал-Абад облусу — 1,6;
Ош шаары — 1,7;
Бишкек калаасы — 1,8;
Талас облусу — 2;
Чүй облусу — 2,1;
Ысык-Көл облусу — 2,2;
Нарын облусу — 2,3.
Республика боюнча орточо коэффициент — 1,8.