Казакстан Россияга каршы санкциялардын бир катарын колдобостугун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Казакстан өзүндө өндүрүлгөн товарлар боюнча антироссиялык санкцияларды колдобойт. Бул туурасында Казакстандын премьер-министри Серик Жумангарин Павел Зарубиндин "Москва. Кремль. Путин" программасында айтканын РИА Новости жазды.
"Бизде өндүрүлгөн айрым товарлар санкцияга кирип калган. Биз бул товарлар боюнча эч кандай чектөө киргизбей турганыбызды айттык, анткени мунун артында чоң эмгек жамааттары, кээ бир жерлерде бул өндүрүштөр жайгашкан бүтүндөй шаарлар турат", — деди ал.
Казакстан чектөөлөрдү колдобой жатканын, бирок аларды айланып өткөн өлкө катары чыгууга ниети жок экенин айткан. Жумангарин чектөө чаралары жаатындагы саясатка байланыштуу кысым республиканын экономикасына таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн кошумчалган.
Россия Батыш бир нече жыл мурда баштаган санкциялык кысымга өлкө туруштук бере ала тургандыгын көп жолу айткан. Москва Батыштын санкциялардын ишке ашпай калганын моюнга алууга эрки жетпей жаткандыгын да белгилеген. Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө Россияга каршы санкциялар натыйжасыз деген пикирлер бир нече жолу айтылып келген.
Бишкектеги КМШ саммити
Путин: санкция, опузаларга карабай КМШда экономикалык байланыш кеңейүүдө