Баланын күйгөн жерине атасынын терисин чаптап... Комбустиологдор менен маек

Sputnik Кыргызстан бул ирет күйүк алган бейтаптарды дарылаган комбустиологдор менен маектешти. Бул үчүн биз Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн башчысы Кандөөлөт Сарбанованы кепке тарттык.
Sputnik
Дарыгер терең күйүк алган адам үчүн учурунда туура дарылануу маанилүү деп белгиледи. Ооруканага суюктукка, отко, электр тогуна, химиялык заттарга күйүп келишет. Мунун ичинен эң терең күйүк электр тогунан болот.
"Анда тери эле эмес, теринин астындагы жандуу клетчатка, анын астындагы фасция, булчуңдун бардык катмары күйөт, сөөккө чейин барат. Кээде сөөк да күйөт. Кан тамырлар күйгөнүнө байланыштуу организмди калыбына келтирүү өтө оор болот. Менин тажрыйбамда мындай учур көп болду, кээ бир бейтаптар майып болуп калышты", — деди Сарбанова.
Биз аталган бөлүмдө 40 жылга жакын эмгектенген комбустиолог Темиркан Турсалиев менен да маектешип, көп жылдык тажрыйбасындагы уникалдуу учурларды сурадык. Турсалиев бир жарым жашар баланын денесинин 40 пайызы күйүп калган окуяны эскерди. Айтымында, бөбөк арык, кичинекей болгондуктан күйүп калган теринин ордуна өзүнүн терисин ала алышкан эмес. Мындан улам атасынын терисин чаптап, ал тери балага камдашып кеткен учур да катталган.
Тема боюнча:
Ашказан, жоон ичегиден кызыл өңгөч жасайбыз. Эндовидеохирургдун видеомаеги