Түгөлбай Казаков: Амандын "мактаган кишини өлтүргөнү жатат деп түшүн" дегенин унутпайм

Sputnik
Кыргыз поэзиясында айткандан айтпаганы, жазгандан жазууга үлгүрбөй кеткени көп өңдөнгөн, кезинде далайды турпаты менен да, калеми менен да суктанткан Аман Токтогуловдун эрте кеткени — бир арман. Ал эми казылбай калган кендей, окулбай калган китептей болгон чыгармачылык дүйнөсү толук ачылбай, көп чыгармалары өзү менен кеткени экинчи арман болуп калды.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда КР эл артисти, 70тен ашык обондун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаков болду. Биз акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов тууралуу баарлаштык.
— Агаңыздын ыр жазганы, сын жазганы, а түгүл сүйлөгөнү да эл оозунда калды. Ал киши өз ырында апасы бирөөнүн бир нерсесин албай билимге умтулуп жашоого үйрөткөнүн, андыктан эч кимден эч нерсе күтпөй өз күчүнө ишенип жашаганын баяндап жатат. Атасынан эрте ажыраган, китепке жакын болуп өскөн Аман Токтогуловдун бала кезине кайтып барсак...
— Алгач "буларга талант кайдан келген" деген суроо туулат. Улуу агам Эсен Токтогулов төкмө акын болчу. Бир тойдо шатыратып жарым саат төгүп жиберген. Айылда жүрүп, көр тирилик менен ал ачылбай калды. Андан кийинки агам Аман Токтогулов да көп кырдуу таланты бар чоң акын эле. Мунун да чыгармачылык палитрасы ачылбай калды. Такай адабият менен алектенбей, үйдүн азабынан КГБга кирип кетип, ал жакта убактысынын баары өлдү. Апам кичине кезинде таятамды кулакка тартып, айдап барып атып салышкан экен. Бизде ал кишинин түрмөдө жатканда учурашкандардан берип жиберген бир ыры сакталып калды. Таятам өлүм, өмүр, турмуш тууралуу ырларды дептерге араб ариби менен жазып, толгондо уукка кыстарып койчу экен. Апам уукта он чакты дептер болгонун айтат. Кулакка тартууга келген эки аскер ууктагы дептерди көрүп калып, "бул эмне?" деп сурайт. Таятам ошол кезде совет өкмөтү тууралуу деле укпаптыр. Аскердин "совет өкмөтүнө каршы жазгансың да, ээ?" деген суроосуна ачуусу келип, дептерлеринин бириндеги өлүм, өмүр тууралуу ырын окуп берет. Тигилерге берсе арабча тамга тааныбайт. Акыры айдап кетмек болгондо таятам "бул экөө жолдон ачка болот" деп байбичесине казан астырып, жагылып жаткан отко дептерлеринин бирден барагын айрып, өз колу менен өрттөйт. Анан ошол эң акыркы барактарын өрттөп жатканда көзүнөн жашы жаак ылдый сызылып, "алда атаңдын көрү ай, тамга тааныган бир урпагыма жетсе болбойт беле" деп өкүнүч кылып айтты дейт. Ошентип ал кишини 200 чакырым жолго жөө айдап кетишкен экен. Бизге жеткен бир ырында "бир кезеги келгенде казы-карта жал жедим, бир кезеги келгенде жата калып кар жедим" деген саптар бар. Өзүнүн өмүрүн төрт эле сапка батырып койгон. Бизге талант ушу кишиден келгенби деп ойлойбуз. Таятам домбураны аябай жакшы черткен киши экен. Меркедеги бир казак досу Суусамырга мал айдап баратып эки-үч күн таятамдын үйүндө эс алып, өргүп, анан кетчү экен. Кийин ал казактын баласына жолугуп калдым. "Сиздин таятаңыздын домбурасын укчубуз, катуу чертчү" дейт. Ушунусуна караганда булар Чүйдөн көчүп барышса керек. Ал эми атам төрт атадан бери жалгыз болуп өткөн. Ошондон улам атам каза болгондон кийин биздин каралаша турган жакын тууганыбыз жок кыйынчылыкта чоңойдук. Улуу агам 10 жашында, Аман байкем 6, мен бешиктеги беш айлык кезимде атадан айрылдык. Апамдын кыйындыгын ушундан билгиле, бирөөнүн эскисин кийгизген жок. Көзүбүздү кызартып, бирөөнүн эшигин сагалаткан жок. Азыр ойлосом, эркек балдарды катуу кармап туура кылыптыр. Ал кишинин тарбиясы кыска, түшүнүктүү болчу. "Көрбөгөндун көргөнү курусун" деп койчу. "Бир улакты жараткан кудай, бир шыбакты кошо жаратат, бирөөнүкүн албагыла" деп көп айтар эле. Ошол себептен кичинебизден ушундай нукта чоңойдук. Аман кичинекейинен тумоолоп, арык болсо да апам тыңытып, чоңойтуп алды. Амандын колунан китеп түшпөдү, айылда мектептин китепканасын толук окуп чыкты. Калгандарыбыз жанталаштык, бирок аягына жеткен жокпуз. Китеп аябай көп эле, үстү-үстүнө келе берчү. Китепти окугандардын бири окуяны кубалап жөн эле окуп кете берет, экинчиси китептен пайдалуу нерсе алат. Бул аларын алып окуган окурман болчу. Мектепте жүргөндө эле ыр жазып баштаган. Улуу агам дагы жогорку класстан баштап ыр жазган. Ал киши да ачылбай калды. Аман 1962-жылы университетке бир таанышы жок өзү өткөн. Экзаменде "СССР элдеринин достугу" деген темада дил баян жазат. Ошондон "беш" алып студент болгон. Университеттеги агайы бир жолу мага жолугуп "сенин агаңдын ошол дил баянын студент, абитуриенттерге үлгү кылып, көп жылдар бою кармап жүрдүм" дейт. Жазганда Амандын тили да укмуш болчу да. Тимеле окуй эле бере турган кылып жазат. Ашык сөзү жок, сөз кубалап ала качып кетпейт.
"Неге берилет адамга кайран жаштык,
Көккө шаңшып асманга учпаган соң.
Неге жейсиң тамакты апылдатып,
Турмушуңда бир мөрөй утпаган соң.
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың,
Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң.
Башкаларга тыңсынып не сүйлөйсүң,
Өз катының сөзүңдү укпаган соң", — деген ыры бар. Ушул сыяктуу ырларды жазмак. Таятамдын ырлары да ушундай философиялуу экен. Аны Аман улантмак, бирок толук ачыла албай калды. КГБдан 10-15 күн гана эс алуу берет экен, ошол учурда эки китеп жазууга жетишти.
КР артисти, 70тен ашык обондун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаков
— Агаңыздын замандаштары анын орус тилди жогорку деңгээлде билгенине тан беришет. Ошол эле учурда ал кишинин Расул Гамзатовдун калемине таандык "Менин Дагестаным" чыгармасынын котормосу кыргыз адабиятында эч кимди алдына чыгара электигин айтышат...
— Мектепте өзгөчө орус тилден жакшы окуган. Китепканада сүйлөмдөрдүн жазылышын, которулушун окуп жатып Пушкин, Есениндин чыгармаларына чейин казып кирип кеткен. Сүйлөгөндү билгендин баарын тилди билет деп айта албайбыз да. Тил өзү бөлүнөт. Муну мен политехте окуп жүргөндө билдим. Татар мугалимибиз тил саясий, экономикалык, техникалык жана сүйлөө кеби болуп бөлүнөрүн, аны ар кандай деңгээлде үйрөтсө болорун айткан. Орус тилин Аман мектепте жүргөндө эле казып баштаган. Орусча бирдемелерди жаза берчү. Ошону менен жазууну да үйрөндү. Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" чыгармасын 24 жашында которду. Котормосунун мыктылыгы темасынан эле байкалат, "От жүрөктүн үшкүрүгү жалындуу" дейт. Карабайсыңарбы, бул ушундай темаларды кыйын тапчу эле. Котормого келгенде Амандын бир өзгөчөлүгү — чыгарманын деңгээлин кыргыздын мыкты сөздөрү менен дайыма көтөрөр эле. Салижан Жигитовго деле эч ким жакчу эмес. Бирок ал киши да Аманды мактап жүрдү да. "Атаң көрү ай, Аманга ыр жаздырып эле отура турган жигит эле да" деп айтчу. Жигитовдун "Теректерим" деген ырын Амандын идеясы менен кайра иштеп чыгышкан. Менде эки варианты тең бар. Амандын өз кылган ишин жар сала бербеген токтоолугу бар эле. "Кыргызстан маданияты" гезитинде иштеп жүргөндө кээ бир сүрөттөрдүн астына ыр жазып койчу. Бирок атын автор катары жазчу эмес. Бир ирет үйгө Болуш Керимбаев деген фотокорреспондент келди. Ал киши оңой менен жумушка келбегендиктен аны издеп эле жүрүшчү да. Аман дубал гезитинин чебери эле. Бир ирет дубал гезит чыгарып, ага "Болуш Керимбаевдин дүйшөмбү күнү да ишке келгенин көргөндөр бар" деп жазып коюптур. Анан ал ошону көрүп "өмүрүмдө мындай тамаша көргөн эмесмин" деп кыткылыктап күлүп келген. Колуна бир сүрөттү көтөрүп алыптыр. Карасак, көлдүн жээгинде кыз-жигит кол кармашып чуркап келе жатат, ал эми экөөнүн колунун алдында горизонтто күн батып бараткан сонун сүрөт экен. Эки күндөн кийин эле "Кыргызстан маданияты" гезитине ошол сүрөттүн алдына Амандын:
"Жаштык от, жалын кумар көңүл мээри, /Баладай делбирттетип сени мени. / Кайдадыр чуркап кете берчүдөй биз, / Бараттык беймаал убак көлдүн жээги./ Мезгилдин бүктөмүндө жылт дей түшкөн, / Ошол кез кайда кетти, көрдүңөрбү./ Жаш өтөр, жылдар өтөр, сезим муздаар, / Ар жандын пендечилик жыргалы бар./ Кум эмне, калган изди толкун чайып, / Алыстап, мунарыктап, ыраак калар./ Жүрөктүн бошоп кеткен кылдарында, / Кайрылса эски көлдөй бир кайрылар" деген эки куплет ыры чыкты. Бирок фамилиясын койбойт. Анан эртеси күнү Жумабек Кыдырмышев, Көпбай Күмүшалиев, Суран Токтосунов төртөө бир кабинетте отурса эле колуна гезит кармаган Асанбек Стамов кирип келип "могу ырды ким жазган?" дейт, беркилер билбейт. Аман тамашалап "ой, ошону билбейсизби, бул Алыкулдуку да" деп койсо эле, "ошо, муну Алыкул гана жаза алат, азыркылар мындай ыр жаза албайт" деп чыгып кетти дейт. Кызыгы, отургандардын баары Алыкул Осмоновдун ырларын деле толук билбейт, ишенип калат. Аман да "аны мен жазгам" деп айткан жок. Өзүн пропагандалоону ойлочу эмес.
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов
"Иван Крыловду көп киши которуптур, бирок анын бир стилин эч кимиси колдонбоптур. Кыргыздын термесине да салып жибериптир" деп Аман да которду. Орусчасы менен кыргызчасын салыштырганда саптардын муунун Крыловдун стилине кыт куйгандай келиштирди. Ушул котормо боюнча дагы бир ирет кызык окуя болду. Беганас Сартов, Камбаралы Ботояров баары кошуна турушчу. Бир күнү эле айнек тарсылдап Беганас чакырып калды. Чыксак, колуна бир китеп кармап алыптыр. "Аман, биз мелдешип келе жатабыз. Бирибиз "Аман ырды которгондо кагаз алып жазып отурбайт, түз эле машинкага жаздырат" десек, экинчибиз ага ишенбей жатат. Мына сага китепти берем, ушул жерден которчу" деди. Сергей Есениндин "Ты меня не любишь, не жалеешь" деген ыры экен. Аман ырды бир сыйра карап турду да, менден бир кагаз, калем сап алдырып турган жеринен: "Сен мени сүйбөйсүң да, аябайсың./Сертпи же ирең башым ушунчалык, /Магдырап мага тике карабайсың..." — деп аттама уйкаш менен которду. Ошол кагазды алып калгам. Алар андан ары мелдешти майлаганы кетишти.
Аман айылга эс алууга келгенде эле байкем экөө поэзияны сүйлөшүшөт. Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Алыкулдан баштап Пушкинге чейин кирип кетишет. Бир күнү экөө айылдын ак таңын Сүйүнбай Эралиевдин стилинде 8 саптан бир куплет ыр жазып жарышмай болушуп, эки жерге отура калышып заматта жазышты. Экөөнүн ыры бир киши жазгандай. Бул ырларды Көлдө иштеп жүргөндө бырышып-тырышкыча чөнтөгүмдө сактап жүргөм, кийин Аман алып алган. "Сактайт го" десем ыргытып жибериптир. Каза болгондон кийин үйүн, шкафын аңтарсак жок. Төгүлүп турганда жазган анча-мынча ырларына маани берчү эмес.
— Салижан Жигитов менен Аман Токтогулов сүйлөшүп турганда жанындагылар эстетикалык рахат алышчу экен. Анткени сөздөрү төп келип, аскиялары куюлушуп, бири-бирин коштоп, интеллектуалдык деңгээлдеги тамашаларды айтышчу дешет...
— Аман менен Салижан (Жигитов — ред.) "Кыргызстан маданияты" гезитинде иштеп жүрүп таанышып калышат. Анан бир күнү үйгө Салижан Жигитов келип калды. Ашканада вермишель кууруп жаткан жеңем "ии, агай, үйдө эчтеке жокто келип каласыз да" десе, Жигитов да "ай, мындай тамакты сый конокко берип жатпайбызбы" деп баарын күлдүрдү. Бир күнү Аман да Салижанды үйүнө издеп барса, ал балконго кебези чыгып калган төшөк жамынып жатып алган экен. Анда байбичеси Кымыя эже "ии, Салижан толгон төшөктөн ушуну жамынып алдыңбы?" десе, Аман да "ой, жеңе, биз мындай жуурканды кудага жаап жатпайбызбы" деп коёт дейт. Булардын юмору интеллектуалдык деңгээлде болгон. Бул эч кимди капа кылбайт, көңүлдү көтөрөт. Ошондуктан замандаштары экөөнү угуп эле отургусу келчү да. Бири-бирин жирегенде арданткан эч нерсе айтылчу эмес, анткени ички маданияты бийик болчу. Жолуккан жерден эле каткырып жатышчу эле.
КР артисти, 70тен ашык обондун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаков
— Аман Токтогулов шайыр, юмору күчтүү болгону менен баарын байкай билген бир сырдуу, миң кырдуу адам болгон экен. Жалпы мүнөздөмө берсеңиз?
— Баарын жашырбай эле төкпөй-чачпай айтып жаткандай көрүнүп жатпайбы, бирок ал ачылчу эмес. Ооруп турса да маңдайындагы кишинин көңүлүн көтөрүп тамаша айтып турчу. Аман ушуну өзүнө бир милдет катары алып алган. Улуу байкем да кимге жолукса эле бир тамаша айтып көңүлүн көтөрүп турчу. Жаркылдаган жигит болчу. Кайсы абалдан болсо да тамашаны таап кеткен. Аман алысты көрө билген кыраакы болчу. Мен политехти таштап искусствого кирип жатканда "таштаба" деди. Университеттеги Поляков деген деканым документимди бербей, келечегим жакшы болорун айтып "искусстводо эмне бар?" дейт. Мен болбойм. Ошентип Аманды да чакыртышты. Байкелерим жакшы сөз менен гана ийге келтиришчү. Кежир экенимди билгендиктен такыр күчкө салчу эмес. Кол тийгизген жок да. Аман ар кандай ойго салып көрдү. "Ай, үч күн ойлончу. Афганстанга иштеп келгенден кийин үй, машина да беребиз" деп жатат. Мындай перспектива кайсы студентте бар экен" деди. Анткени Красновид деген орус жигит экөөбүздү "Афганстанга барасыңар" деп атайын курс менен окутуп жаткан. Келечеги абдан мыкты болчу. Бирок мен искусствого көгөрүп кетип калдым. Ошондо Аман: "Эми сен баарына даяр жүр. Атактуулук деген келет-кетет. Келгенине да, кеткенине да даяр жүр. Экинчиден, мактоого алдырба. Сени мактап баштаса эле "өлтүргөнү жатат" деп бил", — деди. Ушуну айтпаса кандай болор эле, билбейм. Мен деле дуулдаган атакка туш болдум. Бирок мээмде дайыма ушул эки нерсе жүрдү. Ошондой ойдо жүргөн адам мактоого алдырбайт экен. Кызыгы, искусствого кетип жатканда мага "көп болсо Абдыкадыров болосуң, андан ары эмне болосуң" деген. Абдыкадыров ал кезде асманда жүрөт да. Аны угуп таң калдым. "Эй, айланайын, Абдыкадыров болот деген шумдук да" деп ичимден ойлоп жатам. Көрсө, максатты бийик койсун, бирөөнү туурап, көлөкөсүндө калып калбасын дептир. Акыл айтарда бирөөнүн кемчилигин мисал катары айтып койчу.
Өкүнүчтүүсү, Аман 47 жашында эрте кетип калды. Аман Токтогулов, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев үчөө тең ушул куракта кетишти. Котормо жагынан да, ыр жагынан да бул эч кимден акыл сурай турган киши эмес болчу. "Ибарат" деген китеп чыгарган. Салижан Жигитов ошол китепти окуп, "жасалмасы жок чынчыл поэзияны биринчи жолу көрүшүм" деген баасын берип жүрдү. Бирок Амандын чыгармачылыктын артынан түшүп, "Арашан" чыгармачылык үйүнө барып иштей турган шарты болгон жок. Эки жолку эмгек өргүүсүндө "Барал" жана "Ибарат" деген эки китебин жазууга жетишти. Ал эми Расул Гамзатовду "Кыргыз маданиятында" иштеп жүргөндө которду. Шарты жок үйдө таңкы саат 4-4:30га чейин далиске чыгып которот. Эртең менен көзү кызарып жумушка кетет. Ошентип жүрүп которгон котормонун сапатын карагылачы.
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов
— Жогоруда КГБ агаңыздын бир топ убактысын алып, чыгармачылыкта көп нерсеге жетишпей калганын айттыңыз. Бирок "жамандын кесепети, жакшынын шарапаты" дегендей, КГБда иштеп жүргөндө да көп акын-жазуучу, окумуштууларды тоголок арыз, жалган жалаадан сактап калыптыр. Анын бирин да айтчу эмес экен...
— Ооба, көп кишини сактап калды. Алардын ичинде Омор Султанов, Турар Кожомбердиев, Салижан Жигитов, Чыңгыз Айтматов да бар. Ак жеринен караланган Казыбек казалчынын ырларын, ал жөнүндө жазылган аныктамалардын баарын чогултуп, партиянын Борбордук комитетинде аларды актаган кезде ошол материалдарынын баарын даярдап берди. Бирок "сага тиги тоголок арыз жазып, мен минттим" деп эч кимисине айтпады. Бир жерден жазуучулар Аманга "КГБ, чекист" деп тийишип калышты. Ошондо Амандын ачуусу келип, "билсеңер, силердин артыңарды мен тазалап жүрөм" деп басып кетти. Анын үстүнө чарчап да жүргөн. Арасында Жигитов да бар эле "атаң көрү ай, ушундай жигитти капа кылып алдык. Эмне кылабыз эми, алдына түшөлү" деди. Ага чейин билишчү эмес. Булар ошондо түшүндү. Ошол кездеги жетекчиликтин буйругу менен Айтматовдун чыгармаларынан да "советке каршы келген жерин тапкыла" деген буйрук келет. Аман "андай жери жок" деген бүтүм чыгарып берип коюп жаман көрүнөт. Ошентип алар кысмакка алат, бул каршы болот. Аягында Аман кан басым оорусуна туш болду, бирок бир дагы жолу айткан эмес. Бир тууганы болуп туруп, агамдын микроинфаркт алганын уккан-билген жокмун. Керек болсо жеңем да кийин доктурга чогуу барып угуптур. Бекем болчу. Сезимтал эле. Анан жанагындай нерселерди көрүп туруп кетип кала албайт же жасабай отуруп ала албайт. Эки оттун ортосунда калды.
Өзү жөнүндө 6 куплет ыр жазып, дүйнө салган. Акын Эркалы Өскөналыны эскерген маек