Якутия башчысына гидроэнергетика, тоо-кен боюнча кызматташуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Касымалиев гидроэнергетика жана тоо-кен тармагында кызматташууну сунуштады. Ошондой эле ал түз байланыш түзүү үчүн якутиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды.
Өз кезегинде Николаев экономикалык байланыштарды бекемдөөгө эки тарап тең кызыкдар экенин, соода жүргүзүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ошондой эле Саха Республикасы аймактар аралык конференцияларга активдүү катышууга жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин ырастады.
Соңунда эки тарап тең Николаевдин иш сапары жемиштүү болоруна жана Кыргызстан менен Саханын аймактар аралык байланыштарын бекемдөөгө түрткү берерине ишеним билдиришти.
Саха Республикасынын башчысы Николаев 29-ноябрда иш сапары менен Кыргызстанга келген. Аны президент Садыр Жапаров да кабыл алган.
Садыр Жапаров Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен жолукту