"Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселери тинтилди. Сүрөт

Компания такси айдаган айдоочуларга пайыздык чендерди негизсиз жогорулаткан деп айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. УКМК кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселерине тинтүү жүргүзгөнүн атайын кызматтан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, буга чейин аталган компания менен анын өнөктөштөрүнө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бир катар чараларды көргөн.
1 / 2

УКМК кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Яндекс.Такси Корп" ЖЧКсынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселерине тинтүү жүргүзгөнүн атайын кызматтан кабарлашты

2 / 2

Билдирмеге караганда, буга чейин аталган компания менен анын өнөктөштөрүнө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бир катар чараларды көргөн

"Бирок компания ага карабай такси айдаган айдоочуларга пайыздык чендерди негизсиз жогорулаткан. Мындан улам такси кызматынын баасы да жасалма көтөрүлгөн", — деп жазылат кабарда.
Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
"Яндекс Такси" ишканасынын маалымат кызматы коюлган дооматтарга макул эместигин айтып, компания мыйзам негизинде иш алып барарын, салыктарды толугу менен төлөп жатканын билдирди.
Кыргызстанда кызмат көрсөтүүгө сый акы 10 пайыздан башталат. Ал эми Бишкекте кошумча нарк салыгы менен салыктарды кошкондо 17 пайыздан ашпайт. Компания сервистин сый акысы өлкөдө 2023-жылдын февраль айынан бери өзгөрбөгөнүн билдирди.
Профсоюздар федерациясынан 2 млрд. сомдук мыйзам бузуу аныкталды