Кара-Балта менен Токмоктон Бишкекке каттаган поезддин графиги, акысы

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Кара-Балта жана Токмок шаарынан Бишкекке жүргүнчү ташыган поезд каттаарын эскертип, баасын, жүрүү графигин жарыялады.
Кара-Балтадан каттаган Кайыңды – Бишкек-2 поезди Бишкекке саат 07:32де келип, кайра шаардан Кайыңдыга 17:41де Эркиндик, 1А дарегиндеги бекеттен чыгып кетет.
Баасы:
5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга — 20 сом;
Чоңдорго — 56 сом.
Ал эми Токмоктон Бишкекке каттаган поезд шаарга эртең мененки саат 07:21де келип, кайра кечинде 17:25те кетет.
Баасы:
5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга — 20 сом;
Чоңдорго — 56 сом.
Бул поезддик каттамдар Ленин заводу менен Лев Толстой көчөсү, 65Б дарегиндеги Бишкек – 1 (Пишпек) станциясынан убактылуу токтошот.
Чүйдүн тургундары маршруткалардын Бишкекке кирбей калганына нааразы. Видео