Уй, чымчык менен сүйлөшкөндөр бар. Дарыгердин видеомаеги

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканада көп жылдан бери эмгектенген психиатр Бактыгүл Дыйканбаева кароолчу жок экенин айтат. Бейтаптын кол салуусунан кесиптеши каза болуп калган учур да болгон.
Sputnik
Маек учурунда Дыйканбаева адам канткенде психикалык оорулардан алыс болорун, өзүнүн эки баласын өлтүрүп койгон аялдын окуясын, ичине жылан кирип кеткенин айткан бейтап тууралуу сүйлөп берди.
Психикалык оорулар мээ ишинин бузулуусунан келип чыгып, адам чөйрөнү туура эмес кабылдай баштайт. Дыйканбаеванын айтымында, Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага көбүнчө түрдүү нерселер көзүнө көрүнүп, кулагына угулгандар, себепсиз катуу коркуп же ашкере шайырданып, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылгандар, айланасындагыларды душман көрүп шектенгендер түшөт.
Тема боюнча:
Чым-Коргонго "чоңдор" да түшөт. Психиатрдын видеомаеги