БИШКЕК, 30-ноя.— Sputnik. Баткен облусунда ЕАЭБ аймагына транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө бажы мыйзамдарын бузуп алып келинген 31 унаа аныкталганын ЖКККББ маалымат кызматы кабарлады.
Текшерүү учурунда транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк башка автоунааларга тиешелүү экени аныкталган. Мындан тышкары, кузовдун идентификациялык номерин (VIN) текшерүүдө бул унаага берилген документ Бажы кызматы тарабынан жол-жоболоштурулбаганы ачыкталган.
Чет өлкөнүн номери тагылган автоунаанын көбү — Toyota Alphard, Honda Jaz, Lexus, Kia, үлгүсүндөгү машиналар. Бардыгы тийиштүү чара көрүү үчүн айып короо жайына токтотулган.