БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өлкөдөгү мектептерде смартфон колдонууга тыюу салуу мерчемделүүдө.
Билим берүү министрлиги билим берүү мекемелеринде телефонду пайдалануунун эрежелерин сунуштап, коомдук талкууга койду. Мекеме бул аракеттер окуучулардын ден соолугун, социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, мобилдик телефондор менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдү алдын алуу, коопсуз билим берүү үчүн жасалып жатканын билдирди.
Сунушталган эрежелерге ылайык:
мектепке кирип бара жатканда ар бир окуучу, кызматкер, мектепке келген башка адам аны "үнсүз" режимге коюшу керек;
класста жана аудиторияда телефон колдонууга болбойт, окуучулар аны өчүрүп, атайын телефон сала турган бокстарга салышат;
телефонду өзгөчө кырдаал учурунда жана танаписте гана колдонууга уруксат;
танаписте телефон менен акырын, кыска жана маданияттуу сүйлөшүү керек;
мектепте телефонду кубаттоого, видео жана сүрөт тартууга тыюу салынат;
мектептин кадыр-баркына зыян келтирүүгө, анын ичинде мектепти видеого тартып аны жайылтууга, зомбулук, вандализмди көрсөтүүгө тыюу салынат;
тартип бузулган учурда мугалим окуучунун смартфонун алып, акт түзүүгө укуктуу. Телефонду мектеп жетекчилиги окуучунун ата-энесине берет.