"Кыз-келиндердин ден соолугун текшерүү эки ай бою жүргүзүлдү. Дүйнөлүк флешмобдун алкагында "кызыл октябрь" жана "жашыл ноябрь" уюштурулуп, анда аялдар эмчек безинин жана жатын моюнчасынын рагына текшерилди. Өлүмгө кептеген дарттардын ичинен бул оорулар дүйнөдө биринчи жана экинчи орунда турат. Ошондуктан ракты алдын алуу, эрте аныктоого жана өтүшүп кетүүсүн азайтуу үчүн мындай иш-чараларды Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча жыл сайын уюштуруп турат. Анын ичинде аймактарды кыдырып маалымат таратып, кыз-келиндерди медициналык мекемелерге барып дарыгерлердин кароосунан өтүүгө үгүттөдүк. Жыйынтыгында убактысы тар же кандайдыр бир шарттарга байланыштуу мурда текшерилбегендер врачтын көзөмөлүнөн бекер өтүштү. Иш-чарага жергиликтүү медициналык кызматкерлерден тышкары "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунун дарыгерлер тобу да катышты. Филиппин, Франция жана Германия өлкөлөрүнөн келген чет элдик өмүр сакчылары иштешти", — деди Букуев.