БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодон Дональд Трамп жеңип чыккан соң анын каршылаштары Ак үйдүн башчысынын алдыдагы кадамдарынан чочулай башташты. Мындай пикирин Россиянын Федерация кеңешинин маалыматтык саясат боюнча комиссия башчысы Алексей Пушков Telegram каналында билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШнын либералдык бөлүгүндө азыр биримдик жок, олку-солку. Мамлекеттик кызматкерлер же АКШда айтылгандай "федералдык бюрократтар" Трамптын учурунда көбүнүн жумушу маанисиз экендиги ачыкка чыгарынан, мындан улам саны кыскартыларынан же жашоолору биротоло өзгөрүп кетеринен чочулап турушат. MSNBC телеканалынын Трампты каралаган журналисттери каналды Илон Маск сатып алып, өздөрүн көчөгө чыгарып коюшунан, айрымдары жалаа жапкандыгы үчүн түрмөгө камаларынан коркуп жатышат", — деп жазган Пушков.
Анын айтымында, Трамптын үйүн тинтүүгө катышкан ФБР агенттери ушул тапта Жозеф Байденге иштеп жаткан жеринен кармалып калуудан коркуп ксанакс (АКШда көп жайылган, депрессияга каршы каражаттын аталышы – ред.) ичип отурушат.
"2020-жылдагы шайлоодо өзүнүн платформасы менен Трамптын кампаниясына каршы болгон АКШнын либералдык бирикмесинин көрүнүктүү адамдарынын бири Марк Цукерберг да чочулоодо. Ал Трампты колдогон бир нече билдирүүсүнөн кийин ага оң көз карашта экенине, анын иштерине суктанарына ишендирүү үчүн Флоридага дагы жетип барды", — деп белгилеген Пушков .
Буга чейин Associated Press басылмасы Трамп он миңдеген мамлекеттик кызматкерди кийин аларды кызматтан бошотуу оңой болушу үчүн кол тийбестиктен ажыратуу процессин баштоо ниетинде турганын жазган. Трамп аларды мамлекеттик кызматкер деген атты жамынып мамлекетке душмандык кылышат деп эсептейт.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Трапм АКШнын коррупциялашкан бюрократтары менен улуттук коопсуздук жана чалгындоо аппаратындагы коррупцияга баткан кызматкерлерине каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурат. Тактап айтканда, журналисттерге жашыруун маалыматтарды билдирген аткаминерлерге каршы чаралар көрүлөт.
Washington Times гезити ФБР кызматкерлери Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин жапырт жумуштан кетебиз деп камынып жатышканын жазган. ФБРдин мурдагы баяндамачысы Жордж Хилл бюронун кызматкерлеринин маанайы жакшы эмес экенин, 50гө жакын жетекчи өз ыктыяры менен эртерээк иштен кетүүгө даярданып жатканын билдирген.