1-декабрга карата аба ырайы

1-декабрга караган түнү мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоолуу региондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жамгыр катуу жаап, тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -2…+3, Талас аймагында -3…+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…+5 жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…-6, Нарын жергесинде -7…-12 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +3…+5 градуска чейин көтөрүлөт.
Пресс-борбор
ӨКМ: быйыл Кыргызстан өзгөчө кырдаалдардан 1,3 млрд. сомдук чыгым тартты